"Эл "Тазалыкка" 185 миллион сом карыз". "Тазалыктын" жетекчиси Рамиз Алиев менен маек
Эл "Тазалык" ишканасына 185 миллион сом карыз. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев SUPER.KG порталына берген маегинде билдирди.
Рамиз Алиевдин маалыматына караганда, эл "Тазалыкка" карызын төлөсө, ишкана бюджеттен акча сурабай эле өз керектөөлөрүн алмак.
"Тазалыктын" негизги маселелеринин бири бул элдин ишканага 185 миллион сом карызы болуп саналат. Эл бизге ушул акчаны төлөсө, ишкананын абалын тушүнсө, жок дегенде жогорудагы суманын жарымын төлөсө, биз дароо эле жаңы машиналарды алмакпыз. Бишкектен күнүнө миң тонна таштанды чыгат. Ал эми ушул коодөгу таштандыны так графиктин негизинде чыгарыш үчүн "Тазалыкка" 80 даана техника керек. Жаңы техника келсе, шаар таптаза болмок",- деп билдирди Алиев.
Ошондой эле ал 2010-жылдан бери "Тазалыктын" 100 миллион сомго жакын карызы бар экенине токтолду.
Алиев мекеменин кызматкерлиринин айлыгы тууралуу да кеп койгоду. Маалым болгондой, ишкананын жумушчулары аткарган жумушуна жараша айлык алышат. Алсак, айдоочулар тоннасына 125 сом алса, таштандыны жүктөгөн кызматкерлер тоннасына 143 сом алышат. Алиев эң жогорку көрсөткүч өткөн айда 98 миң сом болгонун айтты. Бирок мындай сумманы алган кызматкер дем алышсыз иштегенин баса белгиледи.
Ал эми контейнер менен урналар боюнча Алиев төмөнкүлөргө токтолду:
"Учурда Бишкекке 1300-1400 контейнер жетишпей жатат. Акыркы жолу контейнрелер 2015-жылы алынган экен. Биз ай сайын 100 контейнерден алып жатабыз. Урналар боюнча айтсам, "Тазалыктын" өзүнүн балдары атайын урна жасашты".
Алиевдин “Тазалыктын” иш ордуна экскурсия жасатып, акыркы жаңылыктары менен бөлүшкөнүн жана буга чейинки чыр боюнча комментарий бергенин төмөндөгү видеодон көрө аласыз.





1 |