super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Электр жарыгын эскертүүсүз өчүрүп жатат" дейт тургун

 

Оштун Кара-Суу районундагы Учар айылында электр жарыгын эскертпестен өчүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө аталган айылдын тургуну кайрылды.

Анын айтымында, "Ош электр тармагы" ишканасы Инстаграм баракчасына Учар айылында да электр жарыгын өчүрө тургандыгы жөнүндө жазган эмес. Ошондой эле ал дүкөнүндөгү муздаткычтын ичиндеги айрым азык-түлүктөр эрип жаткандыгын айткан.

"Ош электр тармагы" ишканасы өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялаган тизмеде жок эле айылды экинчи жолу кечки саат 7:00гө чейин электр жарыгын бербей жатышат. Эмнеге эскертүүсүз өчүрүшөт? Уюлдук телефондо заряд жок, термосто чай жок, дүкөндөгү муздаткычтагы азыктар эрип жатат. Жок дегенде ошону эскертип жазып койсо даярданат элем да", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: