super.kg logo

Ооганстан-Пакистан чек арасындагы атышуу: "Торхам" ачыла элек

 

Пакистан менен Ооганстан эки тараптуу чек арасындагы негизги "Торхам" өткөрмө бекетин кайра ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат жана шаршемби күнү эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосундагы атышуулардын себебин иликтеп жатышат. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, "Торхам" 6-сентябрдан бери жабык бойдон, пакистандык жана ооган чек арачыларынын ортосунда эки саатка созулган катуу атышуу болуп, миномёттор колдонулган.

Басылманын булактарынын айтымында, Пакистандын коопсуздук күчтөрү көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагындагы кырдаалды толук көзөмөлдөп, ага жергиликтүү тургундардын кирүүсүнө жана жүргүнчү жана жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салууда.

Өткөрмө бекет жабылгандыгына байланыштуу ишкерлер чоң чыгымдарга учурашууда.

6-сентябрда "Торхамга" жакын жерди Ооганстан менен Пакистандын чек арачылары атышышкан.

"Торхам" өткөрүү пункту өлкөлөр ортосундагы үч негизги соода жолунун бири болуп саналат. Пакистан тарап бул пункт аркылуу өз товарларын Борбор Азия мамлекеттерине жөнөтөт.

Учурда өткөрмө бекет жабык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.09.2023. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарды кордогон, кемсинткен, басынткан ушул сыяктуу динчил өлкөлөргө жакшылык, тынчтык келбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: