Wildberries компаниясы Кыргызстанда ишин үзгүлтүксүз улантмай болду
Wildberries компаниясы Кыргызстанда ишин токтотпой турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасы Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыялады.
Ушул эле күнү аталган мекеме соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Wildberries ишканасынын өкүлү Максим Губанов менен жолугушканын билдирген. Анда компания Кыргызстанда эки аптага ишин токтотконун кабарлаган болчу.
Буга Казакстан Wildberries ишканасынан айрым документтерин берүүнү талап кылып жатканы негиз болгону айтылган.
Эске салсак, 22-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Wildberries ЖЧКнын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчук менен жолугушкан. Анда компания Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин маалымдаган.

