super.kg logo

Бишкекте Zhongtong автобустарын оңдоо жана тейлөө боюнча жаңы борбор ачылды (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышына, ошондой эле “Zhongtong” компьютердик томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземине катышты.

Иш-чараларга Кытайдын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана “Zhongtong bus” компаниясынын жетекчилиги катышты.

Тейлөө борбору борбор калаанын бардык автопарктарын тейлей турганы, ал эми тетиктерин оңдоо жана алмаштыруу иштери кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөрү, бул линиядагы автобустардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүнү тездете турганы белгиленди.

Акылбек Жапаров кытай автобустарын колдонуунун буга чейинки кейиштүү тажрыйбасын эске алуу менен тейлөө борборунун иштеши өтө зарыл болгонун белгиледи.

Мындан тышкары ал кытай тарапка борбор калааны автокомпьютердик томограф менен камсыз кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, унаа ичиндеги томограф суроо-талап жогору аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүгө жана борбордун алыскы райондорунда томографиялык изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жапаров автотомограф сыноодон өтөрүн, эгер ал сыноодон ийгиликтүү өтсө, кыргыз тарап бул медициналык аппараттарды кошумча көлөмдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карай турганын белгиледи.

Акылбек Жапаров ошондой эле кытайлык мектеп автобустарын сынап көрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Министрлер Кабинети борбордо ушундай автобустарды чыгарууну пландап жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, тейлөө борборунун ачылыш аземи Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын аймагында болуп, анда Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен оңдоо иштери жүргүзүлдү, эски автобустар алынып, жарактан чыгарылды. Мындан тышкары башкармалыктын аймагы кеңейтилип, жаңы автобустарга даярдалды.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчынын Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын алкагында өлкөгө Кытайдан чыккан 1000 автобус келиши керек.

Учурда борбор калаага 250 автобус келди, алар борбор калаанын көчөлөрүндө иштеп жатат, дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус Кыргызстанга 2024-жылы алынып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: