Акыйкатчылар УКМКнын СИЗОсунда жаткан Мадумаров менен Кутмановага барышты
Кечээ, 8-сентябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын СИЗОсуна камакка алынгандардын шартына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Алар Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров менен Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-жетекчиси Динара Кутмановага барышты.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө камералар текшерилип, камакка алынгандар менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, кемчиликтер аныкталды. Тагыраагы, 60 орундуу СИЗОдо 76 адам отурган. Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы буйругу менен каралган маалымат стенддери жана анонимдүү кутулар жок.
Мониторинг учурунда фельдшер болгон эмес, ал эмгек өргүүсүндө. СИЗОнун жетекчилигине убактылуу жок болгон фельдшерди алмаштыруу маселесин кароо сунушталды", - деп жазылат билдирүүдө.
А.Тиленбаева, Н.Камчыбеков жана А.Мадумаровдор жаткан №23 камерада кармоонун шартына эч кандай даттануулар болгон эмес. А.Тиленбаев кан басымы жогору болуп жатканын айткан. Ал эми Мадумаров ден соолугу боюнча Акыйкатчы кызматкерлерине кайрылган. Ал кант диабети менен жабыркап жатканын айткан.
Ошол эле учурда камакка алынган Динара Кутманова жүрөгүндө кемтик бар экенин айтып, тез арада жүрөк клапанын алмаштыруу зарылдыгын айтып, маселени кароону тездетүүнү суранган.
Кармалгандардын баары күн сайын өз убагында жана белгиленген убакта сейилдеп турушат.







1 |