"Кышка даярданалы!". Акылбек Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда ал өлкөдө курулуп жаткан ГЭСтер тууралуу маалымат берип, быйыл электр энергиясы тартыш болорун моюнуна алды.
“Кыштын күнү электр энергияны үнөмдөп колдонгула” деп Энергетика министрлиги элге кайрылып жатат. Айрым жарандарыбыз болсо андан саясат жасагылары келишүүдө. “Мына өлдүк, кыштын күнү тоңобуз, бул бийлик свет менен камсыз кыла албай калды” деген сыяктуу сындарды айта башташты. Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет.
30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу. Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер эң жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак.
Эгер электр энергиясынын маселеси жол салуу, мектеп куруу сыяктуу көйгөй болгондо, азыр мектептерди, жолдорду салып жаткандай кылып эле бир жылда чечип коёт элек.
ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Орусиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бизди, азыркы Өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем.
Дагы бир ачуу чындыкты айта кетейин. 2020-жылга чейин кошуна өлкөлөрдөн кыштын күнү электр энергияны накталай акчага сатып алып жүрүптүрбүз. Ал эми жайдын күнү кошуна өлкөлөргө сугатка суу агызганыбызда (эл аралык нормаларда суу башында турган өлкөлөр суудан ылдый турган өлкөлөргө суу берүүгө милдеттүүбүз), шлюзду көтөрүп, бош эле агызып берип жүрүптүрбүз.
Садыр Нургожоевичтин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кошуна өлкөлөрдөн кыштын күнү электр энергия алып, ал электр энергияны жайдын күнү кайтарып жатабыз. Сууну жөн эле курулай ачпай, генератор аркылуу агызып, андан чыккан электр энергиясы менен кыштын күнү биз алган электр энергияны жаап коюп жатабыз. Мындай жүрүш менен, мындай сүйлөшүүлөр менен мамлекеттин канчалаган акчасын сактап, 2020-жылдан баштап ушундай шарт менен иштеп келе жатабыз. Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса эле, баары жакшы болот. Азыр Кыргызстанда стабилдүүлүктү бузгусу келген үчүнчү күчтөр да жок эмес.
Биз, бийлик башындагылар, жөн эле жаткан жокпуз. Күнү-түнү дебей, кара жаныбызды карч уруп, жогорудагы ГЭСтердин курулушун чечип, көзөмөлдөп жүрөбүз. Кудай күч-кубат берсе, баары жакшы болот. Сабырдуулук гана керек. Баарыбыз кышка даярданалы!", - деди Акылбек Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.