super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Жардыруу баскычын басканымды азыркыга чейин шылдыңдап, күлүп жүрөсүңөр"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Кайрылуусунда ал өлкөдө азыр 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтер курулуп жатканын белгиледи.

"Албетте, сындагандар дароо эле четтен чыгат. Мен аларды туура эле түшүнөм. Анткени алар да – биздин жарандар, биздин замандаштар, биздин эл. Сындаганга акыңар бар. Сынга чыдап келгем, дагы да чыдай берем. Анда кеп башынан болсун.

2005-жылы Акаевди кубалап, Бакиевди алып келдик. “Бардык тепкичтерди басып өткөн кадр, жакшы иштеп берет” деп ишендик дагы, президент кылдык. Мен өзүм финансы министри болдум, кийин экономика министри болуп дайындалдым. Ушул убактарда ар кайсы булактардан акча топтоп, “Камбар-Ата-2 ГЭСин куралы” деп Бакиевге сунуш киргиздим. Ошентип Камбар-Ата-2 ГЭСи башталды. “Быссымылда” деп курулуш иштери башталганда, өзүм барып, "Ваше превосходительство" деп уруксат алып, курулуш боюнча жардыруу кнопкасын өзүм басканмын. Аны да азыркыга чейин мени шылдың кылып, күлүп жүрөсүңөр. Ага деле терикпейм. Мен ошол жылдары аткаруу бийлигине аралаша баштап (ага чейин депутат гана болгом), электр тармагыбыз кризиске батып бара жатканын дароо эле көрдүм. Өзүбүз суу башында туруп, кыштын күнү электр энергияны башка өлкөлөрдөн импорттоп келип жатыптырбыз. Болгондо дагы накталай акчага сатып алып жүрүптүрбүз.
Ошол үчүн мен ГЭСтерди токтоосуз куралы деген сунушумду киргизип, Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты курулуп калган. Союз чачыраган мезгилден кийинки курулган көзгө басар жалгыз ГЭС ушул болду.
2020-жылга чейин мындан башка бир дагы ГЭС курулган жок. Ал эми бүгүнкү күндө мамлекеттин, элдин электр энергияны колдонуу талабы эки эсеге өстү.
А биз болсо дагы деле СССР куруп берип кеткен ГЭСтер менен отурабыз. Электроэнергияны импорт алып келип жатабыз.
Кудай жалгап, 2020-жылы азыркы президентибиз Садыр Жапаров бийлик башына келип калып, ал киши да ушул проблеманы дароо сезди. Өкмөттүн биринчи жыйынында тез арада ГЭСтерди куруп башташыбыз керек, анан темир жолдун курулушун жандандыралы деген эки негизги тапшырманы койду. Мына, азыр элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСти, кылым курулушу аталган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.09.2023. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2026-жылы. Убагында эч нерсе аткарылбай, элибиз кыйналып жашачу. Мына сиз келип, (Ким экенин деле билбейм пока, озу деле билбейт) жашоо жакшыра баштады.
09.09.2023. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевди сен эмес эл кууп салган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: