super.kg logo

Жумгалдын Кызыл-Туу айылына биринчи жолу электр энергиясы тартылып жатат (фото)

 
Энергетика министрлиги электр энергиясыз күн өткөрүп, жашап келген Жумгал районунун Кең-Суу айылынын тургундарын электр жарыгы менен камсыз кылуу алдында турат. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасы билдирди.
Бул аймак түптөлгөн жылдан бери электр жарыгы менен камсыз болбогондуктан жергиликтүү тургундар мамлекет башчысына кайрылуу жасап, маселе кароого алынды.
Бүгүнкү күнү Энергетика министрлиги тарабынан атайын техникалар тартылып иш кыйла жеңилдеди. Бирок техника жетпеген участоктордо мамыларды орнотуу бир топ кыйынчылыктарды жаратууда, ага карабастан Нарын электр тармактар ишканасынын кызматкерлери ыкчам иш алып барууда.
"Азыркы тапта энергетиктер тарабынан мамылар орнотулуп жатат. Орнотуу иштери бүтсө 11 чакырым 10 кВ аба чубалгысын тартуу иштери жүрүп баштайт", - деп билдиришти аталган ишканадан.
Эске салсак, 2017-жылы бул айылда 17 түтүн катталып, азыркы тапта 21 түтүн жашайт. Ошол убакта Азия өнүктүрүү банкы тарабынан пилоттук негизде насыяга күн батарейкаларын 15 үй-бүлө алып, 3 жыл аралыгында насыя төгүп келишкен, кийинки 2 жылын мамлекет чегерип берген. Бирок бул долбоор аягына чыккан эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: