№1013 шайлоо тилкесинде бир сааттын ичинде 17 адам добуш берди






Бүгүн, 10-сентябрь күнү Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүүдө.
Ленин районунда жайгашкан №1013 шайлоо тилкесине добуш берүү процесси өз нугунда жүрүп жатат. Саат 09:00гө карата аталган шайлоо тилкесинде жалпы 17 адам добуш берди. Шайлоонун жүрүшүн тартип сакчылары көзөмөлгө алышууда. Техникалык мүчүлүштүктөр жаралган жок.
Белгилей кетсек, Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого 24 талапкер ат салышууда. Аталган шайлоо тилкедеги шайлоочулардын жалпы саны 2455ти түзөт.
Эске салсак, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча буга чейинки кезексиз шайлоо 28-майда болуп өткөн. Анда Дамира Ниязалиева жеңип чыккан. Ал шайлоого катышкандардын 35,86 пайызынын добушуна ээ болгон.
Бирок 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. 16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
