super.kg logo

G20 саммити: Жо Байден коомчулуктун алдында кайрадан уят болду (видео)

 

АКШнын президенти Жо Байден Индияда өтүп жаткан G20 саммитинде кайрадан талкууга калды.

Нью-Делиде өтүп жаткан Чоң жыйырмалыктын саммитинде Ак үйдүн башчысы Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Салман аль-Сауддун атын туура айта алган жок. Мындай видео GOP War Room YouTube каналында жарыяланды.

"Мен өзгөчө премьер-министр Модиге жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухам бен Саламга ыраазычылык билдиргим келет", - деди Байден.

Жо Байден дароо катасын оңдоого аракет кылып, бирок экинчи жолу дагы Сауд Арабиянын ханзаадасынын атын туура айта алган жок.

"Мен кечирим сурайм, Мухаммед Салама", - деп оңдогонго аракет кылды Байден.

Видеодо көрүнгөндөй, Байден катасын оңдогонго аракет кылып жатканда Сауд Арабиянын ханзаадасы стакандагы сууну алып ичкен.

Белгилей кетсек, АКШнын Сауд Арабиясы менен мамилеси Байден бийликке келгенден кийин Йемендеги адам укуктарынын абалы жана аскерий өнөктүккө нааразычылыктар астында татаалдашып кеткен.






Байден коомчулуктун алдында кайрадан уят болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.09.2023. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын эмнеси уят айта албаса айта албаптырда озу алардын аты биздин бир суйломду тузот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: