super.kg logo

Мароккодо катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны эки миңден ашты

 

Мароккодо 9-сентябрга караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны эки миң адамдан ашты. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалы Ички иштер министрлигине таянып билдирди.

Маалым болгондой, 2012 адам зилзаладан көз жумду, 2060 адам жаракат алган. Алардын ичинен 1404 адамдын абалы оор.

"Марракеш шаарындагы 6,8 баллдык зилзаладан турак жайлар, имараттар, мечиттер кыйрады. Үй-жайсыз калгандар ачык асман алдында түнөдү. Урандылардын арасында калгандарды издөө уланууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму силкинүүнүн кесепетинен 300 миңден ашуун жаран жабыркаганын маалымдады.

Азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезек пайда болгону, тамак-аш таңкыс экени кабарланды. Урандылар көчөлөрдү тосуп калгандыктан коңшу айылдарга өтүү мүмкүн эмес", - деп айтылат маалыматта.



Касабланка, Рабат жана башка аймактарда адамдар үй-жайларын таштап кетишүүдө. Мароккодо үч күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Аскерлер да куткаруучулар менен чогуу жабыркаган аймактарга чатырларды, жууркан-төшөк, суу, тамак-аш жана башка буюмдарды жеткирүүгө көмөктөшүүдө.

Ага ылайык, 2021-жылы Батыш Сахарадагы жаңжалдан улам Марокко менен карым-катышын үзгөн Алжир аба мейкиндигин гуманитардык жана медициналык учактар үчүн ачарын билдирди.

Эске салсак, 8-сентябрда кечинде Мароккодо катуу жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөдөн 2000дей адам каза болду. Өлкөдө үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: