Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлер шайлоо таза эмес өткөнүн айтып чыгышты
Кечээ, 10-сентябрда Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо болуп өттү.
БШКнын маалыматы боюнча шайлоодо талапкер Кубанычбек Самаков алдын-ала эсептөөлөр боюнча алдыда болгонун билдирген. Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин талапкерлер Русланбек Тагаев, Ыргал Кадыралиева жана Аскар Алмаз уулу шайлоо таза өтпөгөнүн ачык айтышты. Бул тууралуу алар өздөрүнүн социалдык тармактарына жазышты.
Талапкер Ыргал Кадыралиева шайлоо учурунда бир топ мыйзам бузуулар болгонун айтты.
"Урматтуу шайлоочулар, урматтуу Садыр Нургожоевич. Шайлоонун өтүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Бул боюнча кандидаттар жана биз кайрылып жаттык. Мен дагы бир нече мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөрдү бердим. Бирок ушул саатка чейин күч органдары бир дагы элге чыгып, кайрылуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат берген жок. Добуш сатуулар, элди ташуулар болду. Мунун баарына көз жумууга болбойт", - деди Ыргал Кадыралиева.
Дагы бир талапкер Русланбек Тагаев тийиштүү органдар муну иликтеши керектигин билдирди.
"Урматуу шайлоочулар, сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Мына шайлоонун шайтан оюну аягына чыкты. Өзүңүздөр баа бересиздер. Эч жерден кабары жок, эл менен жолукпастан утуп чыккан инсанга сиздер баа бересиздер деп ойлойм. Себеби биз таза шайлоо үчүн күрөшүп келгенбиз", - деди Тагаев.
Ошондой эле ал тийиштүү органдар муну иликтеши керектигин билдирди.
Ал эми Аскар Алмаз уулу бул шайлоонун жыйынтыгын четке кагарын билдирди.
"Азыркы убакта шайлоонун жыйынтыгы чыкты, биринчиден бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем. Экинчиден, биз бул шайлоонун жыйынтыгын четке кагабыз. Бул шайлоо таза өткөн жок. Добуш сатып алуу фактылары өтө көп болду. Биз ишенебиз, ушул шайлоону ушундай акыбалга жеткиргендер жоопко тартылат деп", - деди Алмаз уулу.




1 |