super.kg logo

Балдар арасындагы оорулардын көбөйүшү: Дарыгер ата-энелерге кеңеш берди (маек)

 

SUPER.KG порталы бул ирет балдар арасында көп кездешип жаткан оорулар тууралуу кеп кылууну туура көрдү. Биздин суроолорубузга Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Балдар жугуштуу оорулар кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Чыныева жооп берет.

- Дамирахан Камчыбековна, соңку кездери балдар көбүнчө кайсы ооруларга чалдыгып жатышат?

- Негизи жай мезгилинде ичеги-карын оорулары биринчи орунда болчу. Бирок бул жылы өзгөчөлөнүп, январь айынан баштап кызамык оорусу күчөп жатат. Бул илдет менен биздин жугуштуу оорулар бейтапканабызда эки бөлүмдө 60тан ашык бала жатат. Ошондой эле көк жөтөл да балдар арасында көп катталып жаткан оорулардын катарына кирет. Мындан сырткары, жугуштуу ичеги-карын оорулары менен ооругандар да көп. Ал эми башка оорулар азыраак кездешип жатат.

- Ооруга чалдыккан балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экени айтылып келет. Бул боюнча сиз эмне деп айтат элеңиз?

- Туура айтасыз, кайрылган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр. Тилекке каршы, бизде эмдөөдөн өтпөгөндөр көбөйүп кетти. Бирок мен баса белгилеп айткым келет, баланын ден соолугун сактоого бир жашка чыкканга чейин эмдөөлөр жардам берет. Кээ бир ата-энелер жаңылыш пикирде болуп, вакцинацияга ишене беришпейт, ошондуктан бул процедураны жылдырып же такыр эле баш тартышат. Бир жашка чыкканга чейин баланын эмдөөсүн жылдыруу — бул кооптуу инфекциянын өрчүшүнө кошумча шарт түзүү менен барабар.

- Кызамык оорусунун белгилерине токтолуп кетсеңиз?

- Кызамык – бул вирус козгогон жугуштуу оору. Аталган инфекция жогорку сезгичтиги менен мүнөздөлөт. Башкача айтканда, мурда кызамык менен оорубаган жана эмдөөдөн өтпөгөн адам кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, анын ооруп калуу ыктымалдыгы өтө жогору. Кызамык абадагы тамчылар аркылуу жугат. Инфекциянын булагы болуп кызамык менен ооруган бейтап саналат, ал инкубациялык мезгилдин акыркы эки күнүнөн төртүнчү күнүнө чейин башкаларга жугуучу болуп саналат. Кызамыкты атайын дарылоо жок. Бирок, ооруну алдын алса болот, алдын алуунун натыйжалуу жолдорунун бири бул эмдөө. Биздин профилактикалык эмдөө календарына ылайык, кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө балдар үчүн 1 жашта, ревакцинация – 6 жашта жүргүзүлөт.

- Көк жөтөлдү дарылоодо кандай ыкмалар колдонулат?

- Бул илдет дагы абдан жугуштуу оору. Ал жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Көп учурда көк жөтөлдү 5 жашка чейинки балдар жуктуруп алышат. Көк жөтөл өзгөчө бир жашка чейинки балдар үчүн коркунучтуу. Биринчи симптомдор жуктуруп алгандан кийин 1-2 жумадан кийин пайда болот жана суук тийүүнүн сипмтомдоруна окшош келет. Болжол менен бир жуманын ичинде балдардын мурду бүтүп, чүчкүрүп жана кээде бир аз дене табы жогорулашы мүмкүн. Жөтөлгө каршы каражаттар адатта көк жөтөлдө жардам бербейт. Эгерде сиздин балаңызда кайталанган жана кыйнаган жөтөл приступтары, 2 жумадан ашуун жөтөлүү, калтыроо, кусуу жана тамакка болгон табиттин бузулушу сыяктуу белгилер байкалса, анда тез арада дарыгерге алып баруу керек. Көк жөтөл менен ооруп калган балдар оору башталгандан тарта 25 күнгө чейин обочо кармалууга тийиш. Эмдөө таржымалына карабастан көк жөтөл менен ооруган жана жөтөлгөн бала менен мамиледе болгон балдар 14 күндүн ичинде бала бакчага жана мектепке барбашы керек. Алар көк жөтөлгө эки терс бактериологиялык изилдөө алгандан кийин бала бакчага барууга уруксат берилет. Көк жөтөлдүн алдын алуунун мыкты ыкмасы – албетте балага эмдөө жасоо. Көк жөтөлгө каршы эмдөөнү бала 2 айында, 3,5 айында жана 5 айында 5 ооруга каршы (кептөөр, көк жөтөл, сенек, В вирустук гепатити, «b» гемофилдик инфекциясы) айкалышкан көп компоненттүү – пента вакцина алат.

- Ичеги-карын ооруларына токтолсок?

- Бул оору күн жылыган мезгилден баштап эле күч алып баштайт. Ал жер-жемиш, коон-дарбыздын сезону бүтмөйүнчө бул оорунун көрсөткүчү да басаңдабайт. Жугуштуу ичеги-карын инфекциялары албетте, жеке жана коомдук гигиена эрежелеринин сакталбашынан улам пайда болот. Ичеги-карын ишинин бузулганын ичтин ооруп көпкөнүнөн, суткасына үч-төрт жол суюк заӊдоодон билсе болот. Ошондой эле оору дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, табиттин жоголушу, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Оору инфекция бар болгон ачык жерлерден суу ичкенде, жуулбаган жашылча-жемиштерди, көпкө туруп калган тамак-аш азыктарын жегенде жугат. Жугуштуу ичеги-карын инфекциялары өзгөчө кичинекей балдарды суусуздандырып, бөйрөк жана башка органдарга залал келтирет. Андыктан ичеги-карын инфекциясы менен ооруганда өз алдынча дарылануу кооптуу экенин баса белгилеп кетким келет. Мындай учурда дарыгерге кайрылып, айтканына жараша дарылануу керек.

- Эми оозул (стоматит) тууралуу сүйлөшсөк?

- Стоматит — ооздун былжыр челинин сезгениши. Ал өз алдынча оору же айрым оорулардын белгиси катары пайда болот. Мисалы, кызылча, скарлатина, сасык тумоо, кандидоз жана башкалар. Кичинекей балдардын арасында, өзгөчө 3 жашка чейинкилерде афталык стоматит көп жолугат. Ал өз алдынча оору катары тамак сиңирүү органдарынын оорусу менен байланыштуу пайда болот. Кээде жаралар көп пайда болуп, дене ысып, тамак ичкенде, сүйлөгөндө катуу ооруйт. Бул оорунун алдын алуу үчүн баланын тиши чыга баштагандан тартып эле тишине кам көрүү керек. Эки маал тишин тазалаганга үйрөтүү керек. Себеби, тиштердин арасына тамактын калдыктары калып калат. Оозду тазалап турса, бул оорудан алыс болот.

- Ден сак баланы чоңойтуу үчүн биздин энелер эмнелерди эске алышы керек? Адис катары кандай кеңештерди айтат элеңиз..?

- Албетте, боюнда бүткөндөн баштап эле аял өзүнө өзгөчө кам көрүшү керек. Убагында тамактанып, витаминдүү азыктарга басым жасашы керек. Бала төрөлгөндөн кийин, 2-3 айга чейин үйгө эч кимди киргизбей эле койгула деп айтат элем. Той-топурду өткөзүп, элди топтоонун да кажети жок. Анткени бул убакты балдардын организми алсыз болуп, ооруга туруштук бере албайт. Кимдир бирөөдөн кандайдыр бир оору жугузуп, бир жолу антибиотик алгандан кийин, бала оорудан башы көтөрүлбөй калат. Андыктан баланы туура тамактандырып, тазалыкты сактап, тиешелүү режимди сактаса баары ойдогудай болот. Анан албетте баладан кандайдыр бир ооруну байкаса, үйүндө кармап отурбай, өз алдынча дарылабай, ошол замат дарыгерлерге алып барышы керек.

- Пайдалуу маегиңиз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: