super.kg logo

Алматыда кыргызстандык 6 жашар баланы өлүмдөн алып калган. Ал сыйланды

 

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттө кыргызстандык Тешебай Жалилов 6 жаштагы баланы куткарып калган. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"25-август күнү кечинде саат 17:00дө жолго чыксам эл кыйкырып, ызы-чуу салып, качып жатышыптыр. Мен 5-кабаттан өрт чыгып жатканын көрдүм. Аны көргөндөн кийин дароо чуркадым. Үйгө кирип, жардам берүү үчүн эшикти кактым, бирок ачылган жок. Андан кийин эшикти түрткүлөдүм, анда дагы ачылган жок. Анан ичинде ким бар экенин билейин деп кыйкырдым", - деген Тешебай Жалилов.

Тешебей Жалилов бул үйдө жашагандарды тааныбай турганын, бирок өрт болуп жаткан жерден жөн өтүп кете албаганын айткан.

"Ошол батирден бир кыз келип, үйдө кичинекей бала бар экенин айтты. Мен дароо ал айткан батирге барып, эшигин ачтым. Мен үйдө 6 жаштагы Рамазан деген бала калып калганын билдим. Эшикти ачсам батирдин ичинде кара түтүн чыгып, баары күйүп жатыптыр. Анан майкамды чечип, суулап, үстүн нымдап, башыма майканы ороп кирдим", - деген ал.

Ал баланы куткаруу учурунда анын өмүрүнө да коркунучта болгонун кошумчалаган.

Тешебай Жалиловго баланын ата-энеси бул эрдиги үчүн ыраазычылык билдирген. Ал эми Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын бул эрдиги үчүн эки медаль менен сыйлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: