super.kg logo

“Тынчтык жүгүрүшү” эл аралык факелдик эстафетасы Баткен облусунан жыйынтыкталды

 

Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын спорт сүйүүчүлөрү катышкан "Тынчтык Жүгүрүшү" 8-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жетип келишкен. Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн SUPER.KG порталына билдиришкендей, аларды облустун ар бир район шаарынын борборунда, район акимдери жана шаар мэрлери баш болгон жетекчилер, спорт күйөрмандары салтанаттуу тосуп алып, каалоо-тилектерин айтып, узатып жатышты.

Эл аралык достукту, элдердин биримдигин чыңдоого жана дүйнөдө тынчтыкты сактоого, сергек жашоого шыктандырган факелдик эстафетанын алкагында катышуучулар жанып турган факелди көтөрүп, белгиленген аралыкты чуркап өтүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, эстафета 1987-жылы негизделип, дүйнөнүн 155 өлкөсүндө болуп келген.

Бул жылы Дүйнөлүк "Тынчтык Жүгүрүшү" - 2023 Факелдик эстафетасы өлкөбүздүн Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарынан өтүп, Баткен облусунун Раззаков шаарынан 10-сентябрда салтанаттуу жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, эстафета 3-сентябрь күнү Нарын шаарынан салтанаттуу старт алган. Маршруттун Кыргыз жериндеги жалпы узундугу 882 чакырымды түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: