super.kg logo

Бишкектин түштүк-батышында 3 күн жаратылыш газы болбойт

 

11-13-сентябрь күндөрү Бишкектин түштүк-батышында, тактап айтканда, Жаманбаев, Токтоналиев, Шакиров жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы болбойт.

"Бишкекгаздын" басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул күндөрү газды жөнгө салуу пунктун (ШГРП № 11) алмаштыруу боюнча пландык-оңдоо иштери жүргүзүлөт. Иштер жылытуу мезгилине даярдоо максатында жүргүзүлөт.

Мекеме түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: