super.kg logo

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү мыйзамсыз жарнамалар тазаланууда

 

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү мыйзамсыз жарнамалар жок кылынууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында Октябрь районунда тышкы жарнактарды иретке келтирүү боюнча рейддер активдүү жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, Октябрь администрациясынын кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери тышкы жарнакты иретке келтирүү боюнча рейддерди өткөрүшүүдө.

Ага ылайык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери Байтик Баатыр көчөсү менен Аалы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Негизги басым латын алфавитинде жазылган жарнак конструкцияларына бурулуп, мындан тышкары борбордук көчөлөрдүн тротуарларында мыйзамсыз орнотулган жарнак мамылары, ошондой эле имараттардын фасадына илинген башка жарнак баннерлер жана плакаттар алынууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 50дөн ашык жарнамалык элементтер демонтаждалды.

"Бишкек шаарында тышкы жарнактын жана маалыматтын иштеши, шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнактын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, жайгаштырууну иретке келтирүү жана рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: