super.kg logo

Жылдын футбол жаңжалы: Луис Рубиалес акыры кызматынан кетти

 

Испаниянын футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес кызматынан кетти. Бул тууралуу ал испан телеканалдарынын бирине берген маегинде билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Мен өзүмдүн ишимди уланта албайм. ФИФАнын шашылыш түрдө четтеткени жана мага каршы ачык соттук териштирүүлөрдөн кийин мен өз ордума кайра келе албастыгым анык болду. Кыздарым, үй-бүлөм жана мени сүйгөн элим ашыкча куугунтуктун кесепетинен зыян тартышты", - деп билдирген ал.

Эске салсак, Луис Рубиалес футболчу Женнифер Эрмосону аялдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде өөп койгон видеосу интернетте тараган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып, окуядан бир жума өткөндөн кийин Луис Рубиалес кызматынан четтетилген. Улуттук кураманын машыктыруучулары да федерация президентинин бул аракетине нааразычылык иретинде кызматтан кетишкен.

Көп өтпөй Луис Рубиалестин апасы Анхелес Бексар уулунун кызматтан четтетилишине байланыштуу Испаниянын түштүгүндөгү Мотрил шаарындагы чиркөөдө ачкачылык жарыялаган.

Кийинчерээк, Рубиалес Эрмосо эринден өбүүгө өзү макул болгонун билдирген. Бирок футболчу кыз мындай маалыматтын жалган экенин айтып, федерация жаңжалды жабуу үчүн ага кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айткан.

Ал эми 28-августта Испаниянын прокуратурасы аялдар командасынын капитанын Луис Рубиалес мажбурлап өпкөнүн жүйө кылып, ага карата "сексуалдык зомбулук" боюнча алдын ала тергөө ишин баштаганы белгилүү болгон.

Бул боюнча 29-августта Бишкекте кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда калыстык кылган кыргызстандык Рамина Цой маалымат жыйын өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: