super.kg logo

Өлкөдө кыш мезгилинде 3 миллион тоннага жакын көмүр керектелет

 

Бул жылы кыш мезгилинде кыргызстандыктар жалпы 2 миллион 746 миң тонна көмүр керектейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен бюджеттик мекемелерге 298 миң 900 тонна тартылат, учурда анын 21 миң 48 тоннасы камсыз болду.

"Ал эми Кыргызстандын калкы үчүн 1 миллион 247 миң тонна көмүр керектелет, учурда камсыздоо 233 миң 300 тоннаны түзөт", - деди Ибраев.

Министр кошумчалагандай, Бишкек ЖЭБи 1 миллион 200 миң тонна көмүр сарптайт, анын 600 миң тоннасы Казакстандан, калганы жергиликтүү көмүр кендеринен алып келинет.

"Азыркы учурда ЖЭБге 280 тонна көмүр жеткирилди. Быйылкы жылы көмүрдүн тоннасы 4,5-5 миң сомго чейин болот", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: