super.kg logo

Шайлообек Атазов Профсоюз лидерлери Жогорку Кеңештин депутаттарын сотко бергенин айтты

 

Профсоюздар федерациясынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттарын сотко беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин профсоюздардын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

"Комиссиянын төрагасы катары мага 20дан ашык жолу коркутуулар болгон, телефондук дагы, түз дагы. Алар 3 миллион, 5 миллион долларлык жерлерди мыйзамсыз алып алышкан. Бул боюнча кайрылууларды жасаганбыз. Буга чейинки президенттер укпай келген, кечээ Садыр Нургожоевич так билдирди. Мындан тышкары, жер тилкелерин жана балдар лагерлерин сатуу фактылары көп", - деди Атазов.

Ал ошондой эле Профсоюз бул Кыргызстандын ичиндеги мафия экенин айтты.

"Ички мафия бул 20 адамдан турган профсоюздардын жетекчилери. Азыр мени, Чолпон Аалыевнаны жана дагы бирөөнү сотко берип коюшуптур. Өмүр бою уурдап, эми "бизди туура эмес текшерип жатышат" деп депутаттардын үстүнөн сотко кайрылып жатышат. Ушундай бет тырмоочулук кылып жатышат", - деди Атазов.

Кечээ, 10-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров "Жыргалаң" курортуна барып, анда Профсоюздар федерациясынын жетекчилигин катуу сынга алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: