Энергетика министри: "Кышында электр жарыгы 1-2 саатка өчүшү мүмкүн"
Кышында электр жарыгы 1-2 саатка өчүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.
"Кышында чектөөлөр болбойт. Болгону көмөк чордонго (подстанция) күч келсе, биз жөнгө салуу иш-чараларын жүргүзөбүз. Аны башкага кошуу үчүн 1-2 саат электр энергиясын өчүрүүгө туура келет. Былтыр да ошондой кылганбыз. Биз аны кылбасак, ошол көчөдөгү трансформатор өчөт дагы, аны кайра кошуп жаңылоого 3-4 күн кетип калат. Биз ошол убакыттан өтүп кетишибиз керек. 1-2 саатта эч ким үшүп, муздап калбайт", - деп билдирди Ибраев.
Министр кышында көмүр боюнча маселе болбой турганын жана министрлик көмүр менен толук түрдө камсыздап бере турганын билдирди. Ошондой эле ал Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга уруксат берилгенин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Энергетика министрлиги Кара-Кеченин көмүрүн жагууга жана сатууга тыюу салына турганын, мындай жол менен Бишкектин ыш маселесинин алдын алууга аракет кылып жатканын билдирген.



