super.kg logo

Русланбек Тагаев кайрылуу жасап жатканда жанында Даниель Ажиевдин апасы болгонбу? Өзү жооп берди

 

Кечээ, 10-сентябрь күнү кечинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин округунан талапкер болгон Русланбек Тагаев шайлоонун жыйынтыгы боюнча кайрылуу жасаган.

Кайрылуусунда ал шайлоо таза өтпөгөнүн айткан. Кайрылууда көпчүлүк интернет колдонуучулар анын жанында веб-кам уюштуруучу делген Даниель Ажиевдин апасы турганын айтышып айрымдары муну сынга алган.

Бүгүн, 11-сентябрда Русланбек Тагаев кайрадан кайрылуу жасады. Кайрылуусунда ал жанында турган аялды тааныбай турганын белгиледи.

"Кечээ күнү шайлоо боюнча кайрылуу жасаганмын. Ошондо жаныма апа келип туруп калыптыр, мен аны өмүрүмдө көргөн эмесмин. Ал каяктан келип тура калганын билбейм, жанымдагылар деле тааныбайт экен. Азыр сиздер тигинин апасы туруп алыптыр, акча берсе керек да деп жатасыздар. Пейилди оңдойлучу.

Эми мен сураштырсам Ажиевдин апасы дейби, баласы үчүн апасы жооп бербейт да. Тынччылык, аманчылык эле болсунчу. Өзүм дагы түшүнбөй калдым ал каяктан келип туруп калганын, сурайлы деп телефон номурун таппай жатабыз", - деди Тагаев.






Русланбек Тагаев дагы бир жолу кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: