super.kg logo

"30 жылдан бери биринчи жолу оңдолду". Бишкектеги автопарк жаңыланды (сүрөт)

 

"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук" ишканасынын автопаркы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин колдонууга берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Назгүл Жамгырчиева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, аталган автопарк 1960-жылы салынган. Акыркы 30 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

"1960-жылдары салынган. Бүгүнкү күндө аталган автопаркка 450 автобуска чейин коюуга болот. Автопарк оңдолгондон кийин аянты 7 гектарга чейин кеңейтилди. Акыркы 30 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле автопарктагы акыркы он жылдан бери турган автобустар жок кылынып, ордуна Кытайдан жаңы газ менен жүрүүчү автобустар алынып келинди", - деди Жамгырчиева.


Белгилей кетсек, "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук" ишканасынын аймагы кеңейтилип, дагы жаңы келүүчү автобустарга даярдалды. Асфальт төшөлүп, жарыктандырылды.

Ошондой эле автопарктын аймагында автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, учурда Бишкекке 250 автобус алынып келип, учурда каттамга чыгып, шаар тургундарын ташууда. Дагы 250 автобус ушул жылдын аягына чейин келет. Ал эми калган 500 автобус 2024-жылы алынып келинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: