Владимир Путин президенттик шайлоого катышабы? Кремль жооп берди
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышабы же жокпу деген суроого жооп берди. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.
Песков белгилегендей, Путин алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтөр, көрсөтпөсүн азырынча жарыялай элек.
"Бирок президент өзүнүн талапкерлигин көрсөтөт деп ойлосок, анда биздин өлкөдө азыркы этапта президентке эч ким тең тайлаша албай турганы айдан ачык", - деген ал.
Учурдагы шайлоо мыйзамдарына ылайык, Орусия президентин шайлоо 2024-жылдын 17-мартында өтөт. Путин өзү шайлоого катышар-катышпасын тактаган эмес, бирок анын жаңы мөөнөткө шайлануу укугунун өзү эле Орусиядагы кырдаалды турукташтырарын баса белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.