super.kg logo
  Саясат  

 Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектар жер 49 жылга Азербайжанга берилет

 

Ысык-Көлдөн 17 гектар жер Азербайжандан келген инвесторлорго 49 жылга берилгени жатат. Макулдашуунун долбоору бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында талкууланды.

Макулдашуунун долбоорун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына куруу пландалууда жана ага жалпысынан 17,24 гектар жер бөлүнүп берилүүдө.

Бул туристтерди тартуунун стратегиялык кадамынын бири болуп саналат. 5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары – парк, пляж болмокчу. Ал эми 12,32 гектар - инфраструктура же мейманканага курулган жер”, - деди Баясов.

Директордун орун басары макулдашуу 1997-жылдагы кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп, макулдашууну колдоп берүүнү өтүндү.

Депутат Таалайбек кызы Жылдыз 49 жылдан кийин мейманкана Кыргызстанга кайра кайтарылабы же жокпу деген маселени да тактады. Баясов 49 жыл өткөндөн кийин объект Кыргызстандын карамагына өтөрүн ошол эле маалда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин белгиледи. Комитет төрагасы Улан Примов Юстиция министрлигинин корутундусун эске алып, жер жана андагы курулмалардын 49 жылдан кийинки тагдырын аныктоо боюнча кемчиликтерди жоюу сунушун берди.

Талкууда эл өкүлү Шайлообек Атазов курула турган 5 жылдыздуу мейманканадан Кыргызстан кандай пайда көрөрүн сурады. Буга өлкөнүн туризм индустриясын өнүктүрүүгө, тикелей инвестиция алууга жакшы шарттар түзүлөт деген жооп болду.

Жыйынтыгында аталган макулдашуу биринчи окууда жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: