super.kg logo

"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү Мирлан Ураимов бир жылга эркинен ажыратылды

 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов бүгүн, 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.

Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) негизинде күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керек болорун, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камакка алынганын билдирди.

Ураимов былтыр 8-февралда кармалып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Кийин 9-мартта бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулган.

Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып, аны бошотууну талап кылган акцияларды өткөрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: