Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын үч кызматкери иштен алынды
Бүгүн, 11-сентябрда быйылкы жылдын 8 айындагы ыкчам иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.
Ички иштер министрлигинен билдиргендей, жыйынга БМЖККнын башчысы Улан Султанов, ошондой эле аталган кызматтын башкармалыктары жана бөлүм башчылары катышты.
"Отурумдун жүрүшүндө жетекчилик синтетикалык баңгизаттарды ташып келүүгө жана Ооганстандан чыккан баңгизаттарды Кыргызстандын аймагы аркылуу транзитине бөгөт коюу, баңги кирешелерин легалдаштырууга каршы күрөшүү, ошондой эле иш-аракеттерди күчөтүү, дары-дармектерди жарнамалоочу жана сатуучу интернет-дүкөндөрдү аныктоо лабораторияларын жоюу боюнча бир катар милдеттер коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Кеңешменин жыйынтыгында төмөн көрсөткүчтөрү үчүн бир катар жетекчилер жазага тартылып, кызматтын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын үч кызматкери ээлеген кызматынан бошотулганы кошумчаланды.



