КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы Бишкекке келди






Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун өкүлдөрү Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, чыгармачыл жана илимий интеллегенция өкүлдөрү алгач "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюлуп, Куран окулду.
Андан соң меймандарга "Манас" кинотеатрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган "Шамбала" көркөм тасмасы көрсөтүлдү.
Ага ылайык, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов тасманын көрсөтүлүшү Кыргыз кинематографисттери үчүн Кыргыз киноискусствосун, элибиздин каада-салтын жана маданиятын жайылтууда чоң мааниге ээ экендигин айтты. Ошондой эле ал тасма көптөгөн эл аралык кинофестивалдарга катышып, 40тан ашык сыйлыктын ээси болгонун белгилеп өттү.
"Форум расмий түрдө өз ишин эртең, 12-сентябрда баштайт.
Анын алкагында билим, маданият жаатындагы темаларды талкуулаган пленардык жыйындар, тегерек столдор, КМШ мамлекеттер аралык "Шериктештик жылдыздары" жана "Шериктештик дебют" сыйлыктарынын лауреаттарын сыйлоо аземи, ошондой эле КМШ Жаштар симфониялык оркестринин концерти болот", - деп айтылат маалыматта.
