"Эң жогорку өсүш темпи Ошто". Бир жылда Кыргызстандын калкы 125 миң адамга көбөйдү
Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2023-жылдын башындагы эсептөөлөр боюнча 7 миллион 37 миңден ашуун адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2022-жылдын башына салыштырмалуу дээрлик 125 миң адамга көбөйгөн. 2022-жылы калктын өсүү темпи бир аз өсүп, 2021-жылдагы 1,7 пайызга каршы 1,8 пайызды түздү.
"Калктын эң жогорку өсүш темпи Ош жана Бишкек шаарларында байкалган. Ош шаарында - 3 пайыз, Бишкек шаарында - 2,8 пайыз жана Баткен облусунда — 2 пайыз. Ысык-Көл жана Нарын облустарында калктын төмөнкү өсүш темпи белгиленген.
Мекемеден билдиришкендей, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен калкынын саны азайбай, өсүп жаткан өлкөлөрдүн бири болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.



