QAZAQ AIR Алматыдан Бишкекке түз каттамдарын ачты
"Манас" эл аралык аэропортуна Казакстандын QAZAQ AIR авиакомпаниясынын Алматыдан биринчи каттамы аткарылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, салт боюнча учакты салтанаттуу түрдө тосуп алуу аземи болду. Мындан ары эки өлкөнүн жарандары Бишкек-Алматы-Бишкек багыты боюнча уча алышат.
"Каттамдар 11-сентябрда аткарылып башталса, билеттер ошол күндөн тарта сатыла баштады. Шаарлар ортосундагы каттамдар заманбап, ыңгайлуу De-Havilland Dash 8-Q400 авиакемелери менен жумасына 3 жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү (жергиликтүү убакыт боюнча) аткарылат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.