super.kg logo

Ысык-Көлдө милиция кызматкери канадалык туристке жардам берип, андан кийин үйүнө чакырды (фото)

 
Ысык-Көлдө милиция кызматкери Канададан келген туристке жардам берип, андан кийин аны үйүндө коноктоду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милициясынын инспектору, милициянын кенже лейтенанты Эрлан Асаналиев Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак бийик тоолуу аймагында нөөмөт иштерин жүргүзүү учурунда жол четинен чыгып кетип, аӊдын ичинде тыгылып калган жол тандабастын жанынан бир адамды байкаган.
Аймактын өзгөчөлүктөрүн жакшы билген тартип сакчысы дароо окуя болгон жерге бара калган. Сураштырып келгенде, жол тандабастын айдоочусу Канададан келген турист Хуанг Кун болуп чыккан. Саякатчынын айтымында, ал бийик тоолуу аймакты аралап бара жатып, жол тандабас менен жолдун четиндеги аӊга түшүп кеткен. Ушундан улам унаа бузулуп калгандыктан оор абалда калган.
Милиция кызматкери туристке тез жардам көрсөтүп, бузулуп калган жол тандабас унааны бийик тоолуу аймактан райондук борбордо жайгашкан техникалык тейлөө станциясына жеткиргенге чейин, чет өлкөлүк жаранды өз үйүндө эки күн коноктогон.
"Эки күндүн ичинде менин үйүмдө Канададан келген турист конок болуп, кытай тилин билген жубайым Элиза менен өз тилинде баарлашып жүрдү. Ал биздин меймандостугубузга абдан таң калып, Кыргызстандын көпчүлүк жашоочулары бактылуу болгондуктан алыстан келген меймандарын да бактылуу болушуна көмөк көрсөткөн асыл сапаттарыбызды өзгөчө белгиледи", - дейт Эрлан Асаналиев.
Канадалык саякатчы милиция кызматкерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, Ысык-Көл аркылуу сапарын улантты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: