super.kg logo

"Пансионат эмес". Ташиев абак шарттарына нааразы болгон саясатчыларга жооп берди

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев камактагы саясатчыларды түзүлгөн шарттарга нааразы болбоого чакырды. Бул тууралуу ал 11-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Ташиев түрмөнүн шарттарына чыдабаган адам мыйзам бузбашы керек экендигин баса белгиледи.

"Биздин ушуга чейинки жетекчилерибиз сагызгандай шакылдап сайрагандан башка эч нерсе кылган эмес. Жердеш-жердеш, клан-клан болуп алып чабышып жүрүшкөн. Кыргызстанды эч ким ойлогон эмес. Мамлекетти күчтүү кыла турган убакыт келди.

Ал эми баягы талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбестен тили менен буудай кууругандар мамлекетте тополоң болуп турса экен деген саясатчылардын бардыгына мыйзамдын чегинде жазасын колуна бериш керек.

Мына ошолордун кээ бири азыр "Түрмөдө бизди өтө катуу кармап жатат" деп айтып жатат. Түрмө алар үчүн мамлекеттен тартып алган өздөрүнүн пансионаты эмес. Түрмө бул түрмө, түрмө ошол үчүн курулган. Мыйзам бузгандарды ордуна алып келип, тарбиялаш үчүн курулган. Ошого чыдабайбы, анда мыйзам бузбасын. Түрмөнүн шарттарына макул эмеспи, анда мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин", - деди Ташиев.

Буга чейин экс-депутат Равшан Жээнбеков №1 СИЗОдо кыйноого алынып жатканын билдирген. 1-сентябрда ал ным камерага шартсыз которулганын айткан катын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: