super.kg logo

Жогорку Сот Болот Темировго байланыштуу сот өкүмүн күчүндө калтырды

 

Жогорку Сот иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан Темировго карата ачылган иштерде (баңгизат жана чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу ал акталган.

Бирок паспортко байланыштуу күнөөлүү деп табылып, күч органдарынын кызматкерлери аны "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамы аркылуу Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарганы маалым болгон.

Бул боюнча кийин ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында Темировдун Кыргызстанда алынган паспорту мыйзамсыз деп табылгандыктан Орусияга депортацияланганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.09.2023. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура чечим Мекенге зыянын тийгизип, элди эки болуп, жалган маалыматты чет жактын арам акчаларын алуу учун мамлекетке булук салгандарга аёоосуз, катаал, кечирилгиз чара корулуш керек
12.09.2023. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Zumrudianka Элди эмне деп экиге бөлүптүр???? Айта кетсең, биринин бойлору кыскалар биринин бойлору узундар дептирби??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: