super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР:  Тургун: "Мектепте пол жууганга акча чогулткула деп жатышат"

 

Жалал-Абад шаарынын тургуну №1 Михаил Бабкин атындагы орто мектептеги мугалимдердин бири пол жууганга акча чогулткула деп айткандыгы тууралуу ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы №1 Михаил Бабкин атындагы орто мектептин мугалими пол жууган адамга акча бербесе, анда балдар өздөрү пол жууй тургандыгын айткан.

"Менин балам Жалал-Абад шаарындагы №1 Михаил Бабкин атындагы орто мектепте окуйт. Жыл сайын биз мектептин пол жууган кызматкерине 200 сомдон акча чогултуп беребиз. Быйыл дагы пол жууганына класс жетекчиси акча сурап жатат. Бирок ата-энелер каршылыгыбызды айтсак, класс жетекчиси анда окуучулар өздөрү пол жууйт деп жатат. Ушинтип окуучуларга пол жуудурганы туура бекен? Биздин балдар мектепте орун жок "Пионерлер үйүндө" 3-4төн отуруп, тар класста окуп жатышат. Ушул боюнча министрликтен жооп алып берүүңүздөрдү суранат элек", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: