Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форуму ачылды







Бүгүн, 12-сентябрь күнү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратында КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форуму ачылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, ошондой эле чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров өз сөзүндө интеллигенция эзелтеден бери өнүгүү темпин коюп, чыгармачылык, гуманитардык жана техникалык прогресстин ылдамдаткычы болуп келгендигин белгиледи.
Чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын форуму КМШ өлкөлөрүндө жыл сайын өткөрүлүүчү эң ири гуманитардык иш-чара болуп саналат. Иш-чара 11-13-сентябрь күндөрү өтөт, ага катышуу үчүн шериктештик өлкөлөрүнөн 200дөн ашуун өкүл келди.
Иш-чаранын катышуучулары пленардык жыйындарда жана профилдик секцияларда илим, билим берүү жана искусство ишмерлери билим берүүдөгү кызматташуунун жаңы форматтарын, ыктыячылар чөйрөсүндөгү жаштардын демилгелерин, маданияттар аралык диалогду калыптандырууну талкуулашат.
Борбордук панелдик талкуу 2023-жылдын башкы темасы болгон улуттар аралык байланыш каражаты катары орус тили жылына арналмакчы.
Ошондой эле форумдун катышуучулары диалогдордун бирин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына, анын азыркы учурдун руханий жана адеп-ахлактык дүйнө таанымына тийгизген таасирине арнашат.
Форумдун алкагында КМШ мамлекеттер аралык "Шериктештик жылдыздары" жана "Шериктештик дебют" сыйлыктарынын лауреаттарын сыйлоо аземи, ошондой эле КМШ Жаштар симфониялык оркестринин концерти өтөт. Ошондой эле форумдун алкагында биринчи жолу мамлекеттик маалымат агенттиктеринин башчыларынын жыйыны жана КМШ театр союздарынын жетекчилеринин тегерек столу өтөт.

