super.kg logo

Бишкектеги курулуп жаткан объектилерде убактылуу тосмолорду иретке келтирүү иштери уланууда

 

Бишкектеги курулуп жаткан объектилерде убактылуу тосмолорду иретке келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, курулуш объектилеринин убактылуу тосмолорун 10 күндүн ичинде тийиштүү эстетикалык көрүнүшкө келтирүүнү талап кылган эскертүүлөр берилди.

Ошентип төмөнкү объекттерге билдирүүлөр жеткирилди:

- Ветеринарная көч,14 дарегиндеги «Урбис Групп» ЖЧКсы;
- "Ынтымак" конушу, Улан көч, 3;
- Азия көчөсү, 229, дарегиндеги «Аслан Строй» ЖЧКсы;
- Горький-Юнусалиев көчөсүндөгү турак үй;
- Юнусалиев көчөсү,14 дарегиндеги мейманкана;
- Сыдыков көчөсү, 115 дарегиндеги кеңсе;
- Менделеев көчөсү, 152 дарегинде жайгашкан «Эркин Констракшн» ЖЧКсы, 9 кабаттуу турак жай пентхаусу менен, СКБ объектилери жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар ;
- Көлбаев көчөсү, 45 дарегиндеги «Кайнар» ЖЧКсы, көп кабаттуу үйү;
- Панфилов көчөсү, 84 дарегиндеги кеңсе;
- Кулатов көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан кофетерий кеңсеси менен.

Белгилей кетсек, иштер мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен шаардын аймагында жайгашкан курулуп жаткан объектилердин убактылуу тосмолорунун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында мэриянын мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: