Өлкөгө кызамык жана кызылча ооруларын кошумча эмдөө үчүн вакцина келди
Кыргызстанга кызамыктын чыгышына жооп катары иммунизация кампаниясы үчүн кызамык - кызылча вакцинасы келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабынан билдиришти.
Маалым болгондой, өлкөгө кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгеден кызамык - кызылча вакцинасынын 755 500 дозасы келди.
Ага ылайык, бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделет. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.
"Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр - инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо кампаниясы 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында башталат жана 29-сентябрга чейин уланат.
