super.kg logo

Өлкөдөгү 230га жакын абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

 

Кыргызстандан 229 абитуриент 2023-2024-окуу жылында Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырышты, алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, өлкөнүн Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Кыргызстандын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы окуу жайлардын документтерди кабыл алуу жана сынактарды өткөрүү боюнча көчмө кабыл алуу комиссияларынын иши уюштурулган.

"Новосибирсктеги Башкы консулдук жана Нурсултан Исабек уулу Кыргызстандын мектептеринде Омск жана Томск университеттеринин кесипке багыт берүү иштерин жайылтууга көмөк берүүсүн улантууда", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: