Ошто соода жайлардын санитардык абалы текшерилди (фото)
Ош шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ тарабынан соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, жумушчу топтун курамына Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери кирди.
Рейддин алкагында Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жеке менчик соода түйүндөр, коомдук тамактануучу жайлар, тиш дарылоочу борборлор, сулуулук жана, косметологиялык салондор текшерүүгө алынды.
Мындан тышкары, Түштүк-Чыгыш (Юго-Восток) кичи районунда уруксат кагазы жок иштеп жаткан кондитердик цех аныкталып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Рейддик иш-чаралар сентябрдын аягына чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-11-26
20:26
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















