Виктория Мозгачева Бишкектеги бала бакчалардын директорлору менен жолугушту
Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева бала бакчалардагы балдардын сапаттуу тамактануусу боюнча аталган мекемелердин директорлоруна жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева бала бакчалардагы балдардын сапаттуу тамактануусун уюштурууга көзөмөлдү күчөтүү максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору менен жыйын өттү.
Ага ылайык, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева №173 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жагымсыз абал түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ар бир жетекчи мындай кырдаал жаралганда райондук билим берүү башкармалыгына билдирүүсү керектигин эскертти.
"Ошондой эле мэрдин орун басары ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды. Берилген тамак-аш азыктарын такай көзөмөлдөө жана жакшыртуу максатында мындай жолугушуулар борбор калаанын бардык райондорунда пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы №173 бала бакчадагы балдарга бериле турган ботконун курттап кеткен видеосу социалдык тармактарда тараган.

