super.kg logo

Өлкөдө быйыл дан эгиндеринин дүң жыйымы төмөндөдү

 

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы 2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.

Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 394,8 миң гектар аянттан дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) жыйналды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 2 пайызга аз.

Белгиленгендей, мында алгачкы кабыл алынган салмакта 726 миң тоннага жакын дан жыйналды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө караганда 33 пайызга аз. Эгиндин көлөмүнүн азайышы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 32 пайызга төмөндөшү менен шартталган.

Жалпы республика боюнча дан эгиндердин чаап-жыйноо аянты жыйнала турган аянтына карата 68 пайызга жакын болуп түзүлдү, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында – 81 пайыз, Баткен облусунда – 73 пайыз жана Ош облусунда – 70 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 29,7 пайызга, арпанын жыйымы – 43,6 пайызга кыскарды.

Жаздагы температуранын өзгөрүшү дан буурчак жана май өсүмдүктөрүнө таасирин тийгизген. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 2,8 миң гектар аянтан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 19 пайызга аз, ал эми май өсүмдүктөрү 4,8 миң гектар аянттан жыйналды, же 12 пайызга аз.

Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу картошканын дүң жыйымынын 8,1 пайызга, жашылча өсүмдүктөрү 3,8 пайызга жана бакча өсүмдүктөрү 1,7 пайызга олуттуу көбөйүшү белгиленди. Бул 2023-жылы чаап-жыйноо аянтынын көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: