super.kg logo

"Азиат түспөлүндө". Москвада бир күндө башы кесилген эки адамдын сөөгү табылды

 

Москва шаарында бир эле күндө башы кесилген абалда эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, биринчи окуя Москванын түндүгүндөгү паркта болгон. Таңга жуук күзөтчү ал жерден азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денесин тапкан. Жансыз дене дарактын жанында жаткан. Ошол эле учурда каза болгон адамдын башы өлүктөн жарым метр алыстыкта ​​болгон. Жансыз дене ким экени белгисиз, болжол менен ал 25-30 жашта болушу мүмкүн.

Ушундай эле экинчи өлүк Москванын түндүгүндөгү Фестивальная көчөсүндөгү батирден табылган. Анда парктагыдай эле адамдын башы кесилген. Учурда тергөөчүлөр бул эки кылмыштын байланышы бар-жогун изилдеп жатышат.

Кылмышкер изделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: