super.kg logo

Жакында 437 жылда бир ирет учкан кометаны көрүүгө болот

 

Жакынкы күндөрү Түндүк жарым шардын жашоочулары Нишимура кометасын көрө алышат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Нишимура кометасы 17-сентябрда Күнгө эң жакын жерден өтүп, андан 33 миллион километр алыстыкта ​​болот. Андан кийин ал Жердин жанынан 125 миллион чакырым аралыкта өтөт.

Окумуштуулар аба ырайы бузулбаса, анда тургундар асман объектисин көз менен көрүүгө болорун белгилешүүдө.

"Күн чыга электе асмандан, Венеранын сол жагынан түндүк-чыгыш тарапка көз чаптыруу менен жашыл куйругу бар кометаны көрүүгө болот", - деп билдиришти окумуштуулар.

Нишимура кометасы илимий түрдө C/2023 P1 деп 11-августта ачылган. Кометага аны ачкан япониялык илимпоз Хидео Нишимуранын ысымы ыйгарылган.

Маалым болгондой, 18-сентябрда комета Күнгө жетет, эгер Күндүн энергиясы аны жок кылбаса, кайра айланып Күн системасына багыт алат. Андан кийин Нишимура Түштүк жарым шардагы байкоочуларга көрүнөт. Ошондой эле окумуштуулар эми Жердин тургундары кометаны 437 жылдан кийин гана көрө ала турганын айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: