super.kg logo

Чүйдө мас абалындагы төрт жигит "Тёплые ключи" санаторийине кирип, кишилерди сабаган. Шектүүлөр кармалды

 

10-сентябрь күнү кечинде Чүйдөгү "Тёплые ключи" санаторийине мас жарандар эшикти бузуп кирип, ичиндегилерди сабаган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө А.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 10-сентябрда саат 18:00дөн 20:00гө чейин азиат түспөлүндөгү 4 белгисиз адам мас абалында таяк менен куралданышып, 30га жакын жаран жашаган "Тёплые ключи" санаторийинин аймагына кирип, андагы жарандарга физикалык күч колдонуу менен кол салышып, санаторийдин мүлкүнө зыян келтиришкенин билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.Б, 1995-жылы туулган А.Ч, М.М. жана 1996-жылы туулган К.Э. аттуу жарандар кармалган.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: