super.kg logo

"Бакай Банктын" кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгин тазалоого катышты

 

Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза.

Жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү жумасындагы ишемби күнү айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо жана туруктуу тазалыкты камсыз кылуу үчүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” өткөрүлөт. "Бакай Банк" ал иш-чараны дайыма колдоп келет.

Быйылкы юбилейлик жылы “25 жыл - 25 жакшы иш” долбоорунун алкагында Бакай Банк ушул датада бүткүл Республика боюнча ишембилик өткөрүп эле тим болбостон, Ысык-Көлдүн жээгинде тазалоо иштерин жүргүзүүнү чечти.

Өткөн ишембиде "Бакай Банктын" кызматкерлеринин командасы көлдүн түбүн жана жээгин тазалоо үчүн суучулдар жана волонтерлор мене биргеликте ишембиликке чыкты.

Кыргызстандын Бермети

Айлан-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча өзүнүн миссиясын улантуу менен банк Ысык-Көлдү тазалоо иштерин уюштурду.

Иш-чарага "Бакай Банктын" бүтүндөй Ысык-Көл боюнча филиалдары жана Ислам каржылык борборунун кызматкерлери эле эмес, “Эко Деми” коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү волонтерлор катышышты. Алардын бардыгы көлдү таштандыдан жана кирден арылтуу максатында чогулушту.

Бир-эки сааттын ичинде эле көлдүн түбүнөн жана жээктен 4 тоннадан ашык таштанды чогултулду.

Аяр мамиле кылуу

Бул демилге жаратылышка аяр мамиле жасоо керектигин эске салат. Ысык-Көл – бул биргелешип аракеттенүү менен келечектеги муунга мураска өткөрүлө турган улуттук байлык.

Ар бирибиздин планетабызга кам көрүүгө, экологияны сактоого өз салымыбызды кошууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигине ишенебиз. Ар бирибиздин жасаган кичинекей кадамдарыбыз чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бизге кошулууга жана экологияны сактоого активдүү катышууга чакырабыз.

"Бакай Банк" - эң ириде кубаттуу банк.

КРУБ №043 Лиц.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: