super.kg logo

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча окутуу-семинар өткөрүлдү

 

Бишкек шаарында өлкө аймагында административдик-аймактык реформаны айыл аймактардын деңгээлинде жүргүзүү боюнча окутуу-семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу-семинарга президенттин Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев баштап, семинардын негизги максаттарына токтолуп, президент Жапаровдун тапшырмасынын негизинде айыл аймактардын деңгээлиндеги реформаны 2023-жылдын аягына чейин ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Буга чейин Нарын облусу жана Түп району боюнча пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүдөгү тажрыйбалар боюнча, аталган аймактардын өкүлдөрү презентация жасап, натыйжалары менен бөлүштү.

Окутуу-семинардын жыйынтыгында реформа алкагында пайда болгон бюджетти пландоо, кадр маселелерин ирээттөө, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, санариптештирүү, жайыт, таза суу, суугат суу жана башкалар тууралуу маселелерге жооптор жана түшүндүрмөлөр тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан берилди.

Жогорудагы окутуу-семинар Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү жетекчилеринин катышуусунда 14-сентябрда Ош шаарында өткөрүлөрү кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: