Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарында боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарында боло турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусун даярдоо максатында БА мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.
Ага ылайык, аталган жыйын эртең, 14-сентябрда боло турганы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

