"Унаа" мекемесинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралды
Бүгүн, 13-сентябрда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Белгиленгендей, бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси токтоп калууда.
"Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
“Унаа” мекемеси жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.