Ак-Сууда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери 100 жашында дүйнө салды

"Ак-суу районундагы Улуу Ата мекендик согуштун жалгыз ардагери Кенжебай Жакшылыков чоң атабыз 100 жаш курагында дүйнө салыптыр. Жакшылык атанын балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм! Кайрат кылыңыздар!
Кенжебай Жакшылыков 17 жашында майданга аттанып, 25 жаш курагында согуш талаасынан кайтып келген. Япон согушунун дагы ардагери. Адамзаттык алааматтын барасын токтоткондордун бири, каарман атабыздын жаркын элеси дайым сакталат!
Кош болуңуз!" - деп жазды депутат.
Ушул жылдын апрел айына карата өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашай турганы кабарланган болчу. Улуу Жеңиштин 78 жылдыгын утурлай алардын ар бирине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар (айына 7000 сом) жана президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы (айына 10 000 сом) төлөнүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.